Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу уланууда. Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык балбан 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, беттешти 7-апрелде баштаган. Финалга чейинки жолунда алгач Түштүк Кореянын өкүлүн утуп, жарым финалда Ирандан келген балбанды эки мүнөткө жеткирбей мөөнөтүнөн мурда жеңген. Чечүүчү финалдык беттеште Жапониянын балбанын артта калтырып, Азия чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, Раззак Бейшекеев карьерасында Азия чемпиондугунун алгачкы алтын байгесин утуп алды. Ошентип Раззак Бейшекеев Кыргызстандын курама командасынын капчыгына төртүнчү алтын медалды салды. Буга чейин, тагыраагы, 7-апрелде Афтандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов дагы 1-орунду ээлешкен.