Биз социалдык тармакта

Балыкчы нотариалдык округунун жеке нотариусу кармалды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы нотариалдык округунун жеке нотариусу кармалды. Бул тууралуу 9-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жана документтик базаны талдоолордун натыйжасында, жеке нотариус кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин мыйзамсыз түрдө жол-жоболоштурганы аныкталган.

Мында бүтүм мүлктүн мыйзамдуу ээсинин катышуусусуз түзүлүп, документтерде тараптардын кол тамгалары жасалмаланганы аныкталды.

Жеке нотариустун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында жабырлануучу мүлккө болгон менчик укугунан мыйзамсыз түрдө ажыратылган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 1983-жылы туулган К.Ж.З. аттуу Балыкчы нотариалдык округунун жеке нотариусу кармалды.

УКМК мындай окуялардан жабыркаган жарандарды төмөнкү телефон номерлерине чалууга чакырат: +996 (3922) 51180, +996 555 540052.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан