Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев эмнени талкуулашты?

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өлкө башчысы Садыр Жапаров менен жолукканын билдирди. Элчи Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, президент менен тарых жана келечекти талкуулаганын белгиледи. Ошондой эле "Династия, металл, ат" аттуу эмгегинин негизги идеялары боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн кошумчалады.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Евразия көчмөндөрүнүн институционалдык өзгөчөлүктөрү - генеалогиялык түзүлүш, металлга негизделген технологиялык артыкчылык жана ат аркылуу камсыздалган мобилдүүлүк сыяктуу фундаменталдык факторлор кеңири каралды. Ошол эле контекстте лидерликтин жана бийликтин табияты тууралуу да пикир алмашуу болду. Көчмөн коомунда бийлик жөн гана үстөмдүк эмес, ал жоопкерчиликке, легитимдүүлүккө жана коомдук макулдукка негизделген институт катары калыптанганы белгиленди. Бул талкуу өткөндү түшүнүү менен келечекти куруунун ортосунда терең байланыш бар экенин дагы бир ирет айгинеледи",- деп жазды Текебаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан