Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Райимберди Дүйшенбиев аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо шарттарын жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.
Депутаттын пикиринде турак жай алуу үчүн негизги эки гана маалымкатты калтыруу зарыл.
"Мамлекет тарабынан турак жай менен камсыз болбогон аскер кызматкерлерине акча каражаты бөлүнөт. Бирок муну алуу шарттары татаал. Келишимдерди түзүү, ар түрдүү маалымкаттарды топтоо, мекемелер аралык комиссиялардын текшерүүсү - убакытты жана каражатты сарптоого алып барат.
Бул акча каражатын алууда эки гана маалымкатты эсептөөнү сунуш кылам: Кадастр мекемесинен жеке турак жайы жок деген жана иштеген жеринен турак жай менен камсыз болбогон деген маалымат. Муну менен аскер кызматкерлерине жакшы шарттарды түзүп беребиз",- деди депутат.