Украинанын президенти Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыштагы убактылуу тынчтык келишими сыяктуу Украинадагы жаңжалда ок атышууну токтотуу сунушун билдирди. Бул тууралуу ал X социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
Анда Зеленский бул маселени акыркы бир ай ичинде бир нече жолу көтөрүп жатканын белгилеп өткөн.
"Украина Орусияга дагы бир жолу соккуларды токтотуу сунушу менен кайрылат. Алар чабуулдарды токтотсо, биз дагы ошондой жооп берүүгө даярбыз. Ок атышууну токтотуу - келишимге жетүүгө туура шарттарды түзөт",- деген Зеленский.
Москва бул демилгеге азырынча жооп бере элек.