Депутат Райимберди Дүйшенбиев өлкөдө ИИМ жана Коргоо министрлигинин ардагерлеринин пенсияларын жогорулатууну сунуштады. Мындай сунушун эл өкүлү парламенттин 9-апрелдеги жыйынында билдирди.
Депутатка бул боюнча Куралдуу күчтөрдүн жана ИИМ ардагерлеринен кайрылуулар келип түшкөн.
"Бул маселени терең карап, жалпы жарандардын пенсиялары көбөйтүлгөн учурда укук коргоо органдарынын пенсияларын жогорулатып, бирдиктүү системге киргизүүнү суранып кетем",- деди депутат.