Оштун 41 жаштагы тургуну Сирия аймагындагы согушка катышууга тиешеси бар деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат ал Түркия аркылуу Сирияга барып, "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмдун катарына кошулганын белгиледи. Шектүү суракта күнөөсүн моюнуна алып, бардыгын айтып берген.
Ал аталган террористтик уюмдун катарында көпкө болгон эмес. Шектүү кайра Түркия аркылуу мекенге кайтып келген.