Биз социалдык тармакта

Чернобыль ардагерлерине бир жолку төлөм берүү сунушталды (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Мавлюда Калбердиева парламенттин 9-апрелдеги жыйынында Чернобыль кырсыгынын ардагерлерине бир жолку төлөм төлөөнү сунуштады.

Айтымында, ардагерлер депутаттарга бир жолку төлөм боюнча кайрылышкан.

"Быйыл 26-апрелде 40 жыл болот. Ага 40 жыл мурун 6 миң Кыргыз жараны катышкан экен. Азыркы кезде 960 кишинин көзү тирүү. Ардагерлерге бир жолку төлөмдү аябай эле берип койсок жакшы болмок. Алар деле 40 жыл мурун өз ыктыяры менен барышкан эмес да",- деп депутат министрлер кабинетинин өкүлүнө кайрылды.

Маалымат үчүн: 1986-жылдын 25-апрелинен 26-апрелине караган түнү ХХ кылымдын эң ири техногендик апааты – Чернобыль АЭСинин төртүнчү энергоблогунда авария болгон.


Депутат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан