Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Болот Сагынаев “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги бир катар көйгөйлөрдү көтөрдү. Анын айтымында, бул объект президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу жарлыгынын негизги өзөгүн түзгөнүнө карабастан, учурда комплексте чечүүнү талап кылган маселелер көп.
Депутат белгилегендей, комплексте көчөттөрдү сугаруу үчүн сугат системи каралган эмес. Мындан тышкары, кызматкерлердин айлык маянасы өтө төмөн болуп, ал тургай шаар ичинде барып-келүү жол киресине да жетпей калууда. Ошондой эле алар үчүн тийиштүү иш кеңселери да уюштурулган эмес.
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси өлкө үчүн маанилүү тарыхый жайлардын бири болуп эсептелгендиктен, анда эмгектенген кызматкерлерге татыктуу шарт түзүү зарылдыгы белгиленди.