Интерпол линиясы боюнча жүргүзүлгөн кызматташуунун негизинде эл аралык издөө жарыяланган адамдар кармалышты. Бул тууралуу 9-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сербиянын Белград шаарында 1992-жылы туулган С.Д.А. аттуу жаран кармалды. Ал укук коргоо органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча издөөгө алынган. Шектүү Манас шаарында жайгашкан үйдүн короосунан акча каражатын жана сыйлыктарды уурдап кеткен.
Мындан тышкары, Испаниянын Мадрид шаарында эл аралык издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган Ю.А.С. жана 1980-жылы туулган Ю.П.В. аттуу жарандар кармалышты. Аталган жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесини (Алдамчылык) боюнча эл аралык издөө жарыяланган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, алар жүк ташуучу унааларды сатып алуу жана андан ары жүк ташуу бизнесин жүргүзүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен өзгөчө ири суммадагы акча каражатын ээлеп алышкан.
Учурда ыйгарымдуу органдар тарабынан аларды Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.