Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-апрелде издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери, чек арачылар жана жергиликтүү тургундардан турган жалпы 40 адам чыгышты. Ошондой эле 2 кайык ишке тартылган.