Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Маалыматты президенттин администрациясы таратты.
Айта кетсек, Акматов Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында аудитор кызматына шайланып, ант берген. Анын талапкерлигин "Ынтымак-Мекенчил" депутаттык тобу сунуштаган.
Эсептөө палатасынын төрагасы Жогорку Кеңеш шайлаган аудиторлордун ичинен президент тарабынан беш жылдык мөөнөткө дайындалат.