Биз социалдык тармакта

"20 күндөй жашадым". Депутат Кара-Балтага абанын сапатын текшерген жабдык орнотууну суранды

Кара-Балта шаарына абаны тазалоочу жана анын сапатын текшерүүчү жабдыктарды орнотуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков парламенттин 9-апрелдеги жыйынында айтты.

Депутаттын пикиринде, калаа тургундары жабдык коюп берүүнү суранып кайрылышкан.

Эл өкүлү жаратылыш министринин орун басары Алмаз Мусаевге кайрылып: "40 лет деген кичирайон бар. Эл жабдыкты ошол жерге коюуну суранууда. Себеби мен ал жерде шайлоо учурунда 20 күндөй жашадым. Абасы кир болуп, көп оорулар ошол жерден чыгып жатат. Бул маселени карап, чечиңиздер",- деди.

Депутат Кара-Балтага абанын сапатын текшерген жабдык коюну суранды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан