Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду. Байсалов кайрадан эле Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды.
Буга чейин анын кызматтан кете турганы айтылып, элчи болот деген сөздөр тарап жаткан.
Эскерте кетсек, Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп 2021-жылдын октябрында дайындалган.