Атай Өмүрзаков 2 жылдык гастролго аттанат

Бийчи Атай Өмүрзаков жетектеп келген “Мен бийчимин” (“Я Танцор”) студиясы убактылуу жабылды. Бул тууралуу өзүн Атайдын жардамчысымын деп тааныштырган Айбек Мирбеков бүгүн, 24-январда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, студиянын жабылуусу Атай Өмүрзаковдун жана “Тумар КР” тобунун дүйнө жүзү боюнча гастролго аттанып жатканы менен байланыштуу. “Биз дүйнөнү кыдыруу үчүн жакынкы 2 ай ичинде учуп кетебиз. Учурда көптөгөн пландарды түзүп жатабыз. Биздин сапар 2 жылга созулат. Балким, Азия, Европа жана Американы кыдырып келген соң гана студияны кайрадан түзүүнү ойлонобуз. Азырынча ал тууралуу айтуу эрте”,- дейт ал.  

Эске салсак, “Мен бийчимин” студиясы өткөн жылдын март айында ишке кирип, студияга кабыл алынган бий сүйүүчүлөрүнүн саны 150гө чейин жеткен. Бийден тышкары ал жерде актёрдук чеберчилик, рэп боюнча сабактар өтүлгөн жана үн жаздыруу кызматы да болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Angel92
2014-01-24 17:25:06
Ийгилик.Жолунуздар шыдыр болсун.Дуйнону багындыргыла ылайым.
+9
jolbors8989
2014-01-24 17:38:10
KYRGYZSTANDYN atyn duynogo taanyta bergile jolunar shydyr bolsun!
+3
Bagirra
2014-01-24 17:50:55
азамат, жолуңар байсалдуу болуп, оору сыркоодон алыс болуп мекениңерге аман эсен кайтып келгиле
+3
MMA_1
2014-01-24 18:10:48
Сапарыңар байсалдуу болсун!
+4
AZAMAT555
2014-01-24 20:25:56
Жолунар шыдыр, жолдошунар кызыр болсун. Ак жол!
+2
aitowa11
2014-01-24 20:36:49
Ийгилик Атай
+2
abdi91
2014-01-25 12:21:09
баракелди ийгилик КЫРГЫЗСТАНДЫ бир дуйно елине таанытып койгула жарайсын Атай
+1
ayka982
2014-01-25 19:31:01
Азаматсынар сапарынар байсалдуу болсун кыргыздардан биринчи жолу дуйнону кыдырып гастролго чыккандар болсонор керек сыймыктанабыз!!!
+1
Asus84
2014-01-27 11:01:04
кудайым колдоп аман мекенине кайт
0
DR_melis
2014-02-27 17:51:26
АЗАМАТСЫН Атай ийгилик
0
Adiko..91
2014-02-28 12:33:51
Азаматсын сана окшогон маанилуу жарандар кобойо берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан