Биз социалдык тармакта

Айпери Медет кызы Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңди

Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинин финалында Айпери Медет кызы күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу United World Wrestling (UWW) расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кыргыздын балбан кызы 76 килограмм салмакта күч сынашты. Анын атаандашы Монголиядан чыккан белгилүү балбан Даваанасан Энкх Амар.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталган.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 1/4 финалда кытайылык балбан кыз Вэньцзи Лини 6:6 эсебинде утуп, жарым финалда тайбейлик спортчу Хуэй Чангды 0:11 эсебинде таза жеңип алган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан