Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров иш сапары менен Ошко барат

Бүгүн, 10-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Мамлекет башчысы сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объекттердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Алагөзов президенттин аймактагы калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык маанилүү объекттерди ачуу жана курулуштарды баштоо аземдерине катышуусу пландаштырылганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан