Акыркы жылдары социалдык тармактар ыкчам өнүгүп, аларды пайдалуу жана туура багытта колдонгондордун саны өсүүдө. Айрыкча билим берүү багытында мазмун жаратып, башкаларга дем берген колдонуучулар көбөйдү. Алардын катарында өз баракчасы аркылуу англис тилин үйрөнүүгө дем берип, кичинекей балдары менен коомчулукка үлгү болуп жаткан элеттиктер да бар.
SUPER.KG порталы учурда интернет желесинде кичинекей кызы менен англис тилинде түрдүү кантент жаратып жаткан "Англо апа", башкача айтканда, коомчулуктун жылуу кабыл алуусуна кабылган 27 жаштагы Бермет менен маек куруп, сөзгө тарттык. Анын 6 жашка чамалап калган Айлин аттуу кызы кантип чет тилди өздөштүргөнү боюнча кенен баяндайбыз.
- Саламатсызбы, Бермет айым! Өзүңүз тууралуу кенен маалымат бере кетсеңиз.
- Саламатсыздарбы! Атым Бермет. Баткен облусунун Кадамжай районунда туулуп, өскөм. Учурда Алай районунун Кабылан-Көл деген айылына турмушка чыгып, жолдошум экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап келе жатабыз. Катардагы мекендештердей эле Орусияга иштегени кетип, акыркы 5 жылда Москвада туруктуу жашап келебиз. Азыркы тапта Кыргызстанга келип, эс алып жүргөн чагыбыз.
- Англис тилин кайдан жана кантип үйрөндүңүз? Балким, мугалим чыгарсыз?
- Ооба, жогорку билим алып, бирок турмуш шартыма байланыштуу азыр иштебей жатам. Мен Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетин 2020-жылы аяктап, бирок тажрыйба топтоп, бир жерде иштегенге жетише алган жокмун. Бирок өздөштүргөн тилимди унутпаш үчүн репетиторлукту аркалап келем. Балдарым кичинекей болгондуктан азыр масштабдуу эмес, бирок жакындарымдын балдарына тил өздөштүрүүгө жардам берип жатам. Ошондой эле менин эң чоң жардамчым Айлин кызым болду. Ал мага апалык тажрыйбаны гана эмес, мугалим болууну да өздөштүрүүгө өбөлгө болуп жатат.
Мындан тышкары билим алып жаткан учурда, анан кызым төрөлгөндөн кийин да Германияга барып иштеп, тажрыйба топтодум. Польшага барып келдим. Ар бир мамлекетке чыкканда тил билгеним мага жакшы мүмкүнчүлүктөрдү алып келди.
- Айлин жөнүндө кеп баштап калдыңыз, кызыңызга канча жаштан англис тилин үйрөттүңүз?
- Кызым жакында 6 жашка чыгат. Тили чыгып, толук сүйлөй баштаганда англис тилин үйрөтө баштадым. Тагыраагы, 3,5 жашынан баштап үйрөтүп келе жатам. Баланын кабыл алуусу тез болот эмеспи, андыктан зээндүү кызым бат эле үйрөнө баштады. Алгач баарлашууда кыргызча сүйлөгөн кызым, бара-бара англисчеге тили бурулуп кетти. Учурда кайрадан кыргызчаны да үйрөтүп жатам. Мындан тышкары немис тилин да өздөштүрүп жатабыз.
- Биргелешип тил үйрөнүү идеясы качан жана кантип пайда болду?
- Башында англис тилин унутуп калбаш үчүн кызыма бир аз үйрөтүп, өзүмө практика кылуу гана болгон. Бир аз убакыт өткөн соң жакшы натыйжаларга жете баштап, кызымдын келечеги үчүн да мыкты демилге экенине көзүм жетти. Анткени биз алгач мектеп кезинде убактыбызды кетирет экенбиз, кийин тил үйрөнүү үчүн каражатыбызды сарптайт экенбиз. Анан ойлонуп көрүп келечекте кызымдын убактысын, акчасын текке кетирбейин деген максатта олуттуу кирише баштадым. “Тил – дүйнөгө жол ачкан көпүрө” деген кеп бар эмеспи, андыктан кызым чет тилин үйрөнүүгө кеткен убактысын андан көрө дүйнө кезгенге, дүйнө таанымын жогорулатууга кетирсин деген изги тилегим бар.
- Үйдө тил үйрөнүүдө кандай ыкмаларды колдоносуздар?
- Атайын бир методика менен өтөм дегенден алысмын. Күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп жатып эле үйрөтүп кете берем. Эшикке чыгабыз курт-кумурскалардын аталышын англисче айтып, тааныштырам. Көпөлөк көрүп калсам аны, айтор, көзгө көрүнгөн нерсенин аталышын которуп бере берем. Баарын бир учурда жаттата албайсың. Акырындык менен жыйынтыкка жетсе болот. Бир күндө 3-4 сөз жаттаса да чоң жеңиш.
- Сиздерди "Англо апа" деген Инстаграмдагы баракчадан көрүп калдым. Видеолоруңуз коомчулукта чоң кызыгууну жаратууда. Мындай натыйжаны күттүңүз беле? Жолдошуңуз, жакындарыңыз кандай кабыл алды?
- Кыргызстанга келгенибизге аз эле убакыт болду. Анан баракчамды да жандантуу идеясы февралдан башталды десем болот. Буга чейин видеолорду аз-аздан киргизип койчумун. Бул ирет олуттуу кадам менен киргизип, коомчулуктан жагымдуу сөздөрдү уга баштадым. Видеолорубуздун да көрүмдүүлүгү артты. Демек, коомчулукка үлгү болгон кадам болуп жатат деп ойлойм. Айрымдардын өзүнө, кээ бирине баласына тил үйрөтүүгө шык берип жатабыз деп кабыл алдым.
Ал эми жолдошум менин жасаган ишиме колдоо гана көрсөттү. Видео тартуу деле оңой иш эмес экен. Айрым жабдыктар керек. Бул жагынан жолдошум баарын сатып алып берип, камсыздады. Кызым менен чыккан видеолорду да колдоп, коштоп турат. Биз жаман нерсени жайылтпастан, адамдарга бир багытты өзү үчүн ачууга жол көрсөтүп жатабыз деген ойдомун. Андыктан ар тараптуу колдоолор болуп жатат.
- Келечек пландарыңыз кандай?
- Азырынча үй-бүлөмө жөлөк болуп, балдарыма татыктуу тарбия берүү. Ошондой эле Орусиядан Кыргызстанга көчүп келип, бул жактан балдарга билим берип, жол көрсөтүү болуп саналат.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Үлгү болгон ишиңиз мындан ары да көптөргө дем берсин!