Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Рустамжан Кахаров индиялык атаандашына жеңилип калды.
Эркин күрөштөн 65 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыккан балбандардын беттеши 10:0 эсебинде аяктады.
Кахаров буга чейин ирандык балбанды 6:4 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан болчу.