Биз социалдык тармакта

Бишкекте мессенжерлер аркылуу жасалган алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарында мессенжерлер аркылуу жасалган алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу 10-апрелде шаар милициясынан бидиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 29-августунда А.Ч. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар WhatsApp мессенжери аркылуу байланышып, өздөрүн УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алар жабырлануучуга басым көрсөтүү менен финансылык операцияларды жүргүзүү зарылдыгы тууралуу көрсөтмөлөрдү беришкен.

Натыйжада, жабырлануучу аял 1 миллион 392 миң сомду кылмышкерлер көрсөткөн эсептерге өткөрүп берген. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө 2006-жылы туулган К.М. аттуу шектүү кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Милиция жарандарды сак болууга жана белгисиз адамдардын чалууларына жана билдирүүлөрүнө ишенбөөгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан