Биз социалдык тармакта

"Мен бактылуумун". Ырчы Самара Каримова 35 жашка толду (видео)

Бүгүн, 10-апрелде белгилүү ырчы, өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын туулган күнү. Ал бул жылы 35 жашка толду. Ырчы айым өздүк майрамына карата социалдык тармактагы баракчасына пост жүктөп, жашоосуна ыраазы экенин жаза кетти.

"Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн, 35 жашка толдум. Эң сонун жашым кош келдиң. Бул жашка жеткенче жашоодо көп нерсени көрдүм, сабак алдым, кубанычтарды жана сыноолорду баштан өткөрдүм. Баарына шүгүр, чексиз ыраазымын! Менин эң чоң байлыгым үй-бүлөм. Балдарым кубанычым, демим, жашоомдун маңызы. Жанымдагы жолдошум, мени дайыма колдогон күйөрмандарым, досторум, туугандарым, замандаштарым силер бар үчүн мен бактылуумун.

Мен бактылуумун. Менде баары бар. Алдыда дагы көп максаттар, кыялдар, жакшы күндөр күтүп турат. Өзүмдү сүйөм, жашоомду баалайм, ар бир күн үчүн рахмат айтам. Жашоо сонун",- деп билдирүү калтырган ырчы.

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрлук бөлүмүндө 2 жыл окуп, турмушка чыккандан кийин Ош шаарына которулган.

Каримова 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык сынактан баш байгени утуп алган. Мындан тышкары, Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты. Ырчы айым 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Анын "Менин атам жакшы адам", "Өрүк зарга кетели", "Жаз", "Аясаң боло жыргалым", "Түшүмө кирдин" сыяктуу ырлары элдин купулуна толо алды.

Самара Каримова ырчылыктан сырткары, өзүн актриса катары сынап, "Илегилек" спектаклинде жана акын Жыпара Исабаеванын "Адашкандар" романынын негизинде тартылган "Акшоола" аталышындагы телесериалда башкы ролду аткарган.

Учурда ырчы үй-бүлөлүү. Жолдошу Асан Мансуров экөө төрт баланын ата-энеси.

10-апрелге карата жылнаама.



Самара Каримова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан