Абдымалик Карачов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунун жарым финалында монголиялык атаандашына жеңилип калды.
Килемге 57 килограмм салмак ченинде чыккан балбандардын бетеши 4:1 эсебинде аяктады. Эми Карачов коло медаль үчүн күрөшөт.
Буга чейин балбаныбыз тажикстандык спортчуну жеңип, жарым финалга чыккан эле.