Биз социалдык тармакта

Гүлнур Таштанбекова Азия чемпиондугунда коло медаль утту

Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү Гүлнур Таштанбекова коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Мелдештин жүрүшү төмөнкүчө болду:
• Алгачкы беттеште Кытайдын өкүлү Лилиге 10:0 эсебинде утулуп калды
• Жубатуучу кармашта Иорданиялык атаандашын 10:0 эсебинде жеңди
• Коло медаль үчүн беттеште Өзбекстандын спортчусу Фируза Эсенбаева менен күрөшүп, 4:2 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен Гүлнур Таштанбекова Азия чемпиондугунун коло байгесин камсыздады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан