Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпиондугунун жарым финалында индиялык атаандашы Абхимануга күтүүсүздөн жеңилип калды.
Беттештин жыйынтыгы көпчүлүк күйөрмандар үчүн күтүүсүз болуп, Акматалиев жеңилүүдөн кийин бир топко чейин килемден кетпей турду. Кийинчерээк ал өзүн жыйнап, мелдеш аянтын таштап чыгып кетти.
Бул жеңилүү менен кыргызстандык балбан финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып, эми коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Эске салсак, Эрназар Акматалиев буга чейин эл аралык мелдештерде ийгиликтүү чыгып, өлкө намысын коргоп келген балбандардын бири болуп саналат.