Биз социалдык тармакта

Президентти 2-3 тонна алтын сураган ишкер күлдүрдү

Ош шаарында президент менен болгон жолугушууда ишкердик объекттиси "снос" болгон жаран Садыр Жапаровдон калаадагы ишкерлерге кенемте катары 2-3 тонна алтын сурады.

"Мына, алтыныбыз 52 тоннадан ашты. Ушу кенемте катары 2-3 тонна алтынды Ош шаарына карап берсеңиз", - деген ишкер мамлекет башчыны жана элди күлкүгө салды.

Президент кенемте маселеси чечилерин, бирок алтын бере албасын айтты.

"2 тонна алтын канча турат билесизби? 300-400 миллион доллар турат. 2-3 тонна алтыныңызды бере албайбыз, бирок кенемтеңизди беребиз", - деди Садыр Жапаров.

Президенттен 2-3 тонна алтын сураган ишкер чогулгандарды күлкүгө салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан