Өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевди кызматка дайындаганы үчүн жоопкерчилигин сезерин айтты.
Президент экс-мэрдин жакшы иштери да, аша чапкан жактары да болгонун белгиледи.
"Биз ал кишиге ишенип, мэр кылып койдук. Башында абдан жакшы иштеп жатты. Эми каналдын үстүнө үй, мал баккан сарай салып алгандардыкы туура эмес да. Бул жагынан анын эмгеги бар. Аша чаап кеткен жактары да болуптур. Мына, мен Жанар мырзаны (ред.: азыркы мэр) 2-3 жолу кабыл алдым, курулуш менен өзгөчө кырдаалдар министрлеринен отчёт алдым. Ошондо гана мен да аша чапкан жерлери тууралуу маалымат алдым.
Эми үйлөрдү "снос" кылардан мурун ээлери менен бир чечимге келиши керек эле. Бүгүнкү күнгө чейин 700дөн ашык кишинин кенемтеси бериле элек экен. Анын бардыгын калыбына келтиребиз. Бийлик, анын ичинен мен да Токторбаевди дайындагандан кийин анын кемчиликтери үчүн күнөөбүздү моюнга алабыз", - деди мамлекет башчы кечээ, 10-апрелде Ош калаасынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.