Бүгүн, 11-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров Оштун Араван районундагы Гүлбаар айылындагы №47 Эргеш Кебекбаев атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалымдалгандай, мурда окуу жай 1980-жылы ашар ыкмасы менен курулган имаратта жайгашкан. 2024-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги имаратты авариялык абалда деп тааныган. Ошол эле жылы капиталдык салымдардын эсебинен 150 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу каржыланган.
"Инфраструктуранын жаңыланышынын аркасында мектептин долбоордук кубаттуулугу артып, бүгүнкү күндө анда 320 окуучу эки нөөмөт менен билим алат. Эки кабаттуу имаратта кабинеттери бар окуу блоктор, жыйындар залы, класстан тышкаркы иш-чаралар үчүн бөлмөлөр каралган", - деп айтылат маалыматта.