Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев сурак бергени айтылууда

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев ИИМде сурак берип чыкканын айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазышты.

Маалыматтарга караганда, сурак кечээ, 10-апрелде болгон. ИИМ азырынча маалымат бере элек.

Эске салсак, атайын кызматтын мурдагы жетекчиси 19-мартта да ИИМдин Тергөө башкармалыгында сурак берип чыккан. Андан тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкат алынганы айтылган. Ташиев "Кыргызнефтегаздагы" коррупция схемасы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак бергени айтылганы менен, ал жөнүндө расмий маалымат берилген эмес.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан