Чүй облустук милициясы Токмокто болгон окуя боюнча маалымат берди.
Маалыматта милицияга 6-апрелде белгисиз адамдар күмүш түстөгү Audi C4 үлгүсүндөгү унаага бирөөнү күч колдонуп салып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөнү айтылат. Текшерүүдө 23 жаштагы жигитти 26 жаштагы эски таанышы телефон чалып, жолугушууга чакырганы аныкталган. Экөө болжол менен саат 17:00 чамасында жолугушуп, башка жакка барып сүйлөшүүнү чечишкен.
Ошентип, 26 жаштагы жигит айдап келген унаага отурушкан. Ошол учурда алардын 27 жаштагы 2 жана 25 жаштагы достору бири-бири менен тамашалашып, орун талашып, түртүшүп ойношкону такталган.
Деген менен окуя боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, бирок катышуучулардын бардыгы андан өтүүдөн баш тартышкан. Анткени бири-бирине карата арыздары жок экенин билдиришкен. Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар милицияга жеткирилип, текшерүү иштери уланууда.