Абдымалик Карачов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунун коло байгесин алды.
Карачовдун 3-орун үчүн беттеше турган түштүк кореялык атаандашы жаракат алып калганына байланыштуу килемге чыккан жок.
Балбаныбыз турнирге эркин күрөштөн 57 килограмм салмак ченинде катышты.