Белгилүү кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде эл менен жаңылыгын бөлүштү.
Ал 2028-жылы АКШда өтө турган Олимпиадага катышарын айтып, "ошондуктан мен спортко кайтам" деди. Жаштык аренанын күрөш өтүп жаткан залындагы эл бул жаңылыкты кол чабуулар менен кубатташты.
Видео: prosports_kg