Бишкекте унаасын күч түзүмдөрүнүн кызматтык унаасына окшоштуруп жасалгалап алган айдоочуга чара көрүлдү. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ал унаасына мыйзамсыз түстүү-графикалык чаптамаларды чаптап алган. Унаа оперативдик жана кызматтык унаалардын сырткы көрүнүшүнө окшоштурулуп жасалгаланган. Натыйжада, унаа айып коргоого киргизилип, айдоочуга протокол түзүлгөн.