Яков Чаплин Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда коло медаль жеңди.
Эркин күрөшчү кытайлык атаандашын 6:4 эсебинде утуп, 3-орунду ээледи. Балбандар 92 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Айта кетсек, бул быйылкы Азия биринчилигинде эркин күрөштөн 4 коло байге. Буга чейин Эрназар Акматалиев, Адымалик Карачов жана Жакшылык Байташов 3-орунду алышкан.