Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет башчысына учурда жолдун тилкесин кеңейтүү жана эски асфальтты алуу иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев долбоордо тротуарлар жана велосипед жолу да каралганын айтты. Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рельефтик шарттары ылайык келген жерлерде ортосуна бөлүүчү тосмо коюлат. Ошондой эле жолдун бүткүл узундугу боюнча жарыктандыруу орнотулат.
Жапаров тиешелүү министрликке бир катар тапшырмаларды берди. Анын ичинде жолдун курулушун ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү, ошол эле учурда аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу бар.