
Кечээ, 12-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин "Жаштык Арена" спорттук комплексинде өттү.
Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн ашуун күчтүү балбандары катышып, мелдеш аймактагы маанилүү спорттук окуялардын бири болду.
Кыргызстандын курама командасы татыктуу жыйынтыктарды көрсөттү:
- Грек-рим күрөшү боюнча 4 алтын медаль жана командалык эсепте 2-орун;
- Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль, командалык эсепте 4-орун;
- Эркин күрөш боюнча 4 коло медаль жана командалык эсепте 5-орун.
Белгилей кетсек, 29 балбан өлкө намысын коргоду.