
Өлкө аймагында акыркы суткада, 12-апрелде 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 21 күжүрмөн эсеп тартылды.
ӨКМдин билдирүүсүндө бул күнү Бишкекте 5, Ош шаарында 3, Чүйдө 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абадда 2, Нарында 3, Ысык-Көлдө 1 өрт кырсыгы чыкканы айтылат.
Министрлик кыргызстандыктарды өрт коопсуздугу эрежелерин так сактоого чакырды.