Биз социалдык тармакта

Трамп Кытайды 50 пайыздык бажы төлөмү менен коркутту

Дональд Трамп Кытай Иранга аскердик жабдууларды жеткирип жатканы аныкталса, АКШ тарабынан 50 пайыздык кошумча бажы төлөмү киргизилиши мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына берген маегинде айткан.

Анын сөзүнө караганда, эгер мындай факт тастыкталса, бул өтө чоң экономикалык чара болот.

Эгер биз аларды ушундай аракетте кармасак, 50 пайыздык төлөм киргизебиз. Бул абдан олуттуу сумма”,- деген ал.

Ал арада Кытай бийлиги бир тараптуу бажы төлөмдөрүн көбөйтүүгө каршы экенин билдирип келет. Пекин буга чейин соода согуштарынан эч ким утпай турганын жана мындай саясат оң жыйынтыкка алып келбей турганын бир нече жолу белгилеген.

Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мао Нин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын турукташуусуна үмүт артарын айтып, тараптарды маселени диалог аркылуу чечүүгө чакырды.

Ошол эле учурда АКШ менен Иран ортосундагы сүйлөшүүлөр 11-апрелде Исламабад шаарында өткөн. 21 саатка созулган жолугушуунун жыйынтыгында тараптар орток келишимге келе алышкан жок.

АКШ делегациясын жетектеген вице-президент Джей Ди Вэнс Вашингтон Тегеранга “акыркы жана эң жакшы сунушун” бергенин билдирген. Бирок Иран сунушталган шарттарды кабыл алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан