Кыргызстандын триатлон федерациясы жана Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик «Жаны Жол» реалити-долбоорун ишке киргизүүдө. Бул социалдык-спорттук программа мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 10 кызматкерин кабинеттен чыгып, Азия Кубогуна катышууга алып барат.
Долбоор — Кыргызстанда триатлон 10 жыл ичинде энтузиазмдан системага чейин өнүккөнүн, өзүнүн базасы, мелдештер календары жана эл аралык жеңиштери бар тармакка айланганын чагылдырат. «Жаңы жол» өткөн юбилейлик аралык менен кандай байланышта экенин жана алдыда Федерация кайсы багытта өнүгө турганын анын негиздөөчүсү жана президенти Чыңгыз Алканов менен маектештик.
— Кыргызстандын триатлон федерациясы 10 жылдык мааракесин белгиледи. Айтсаңыз, баары эмнеден башталган? Федерацияны түзүүгө эмне түрткү болду?
— Баары жеке кызыгуудан башталган. Мага чыдамкайлыкты, мүнөздү жана тартипти талап кылган - үч түрдүү спортту — бириктирген идея абдан жаккан. Башка өлкөлөрдөгү триатлончулар менен баарлашып жатып, бул жөн гана спорт эмес, жашоо образы, өзүнчө чөйрө экенин түшүндүм. Мен ири бизнес жүргүзгөн, өзүн өнүктүргөн күчтүү адамдарды көрүп, шыктандым. 10 жыл мурун Кыргызстанда триатлон дээрлик белгисиз болчу: инфраструктура да, старттар да, ал тургай машыктыруучулар да жок эле. Ошондуктан өз өлкөмдө машыгып, мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана Кыргызстанды эл аралык ареналарда көрсөтө ала турган платформаны калыптандыруу максат болду.
— Бүгүнкү күндө бул ишке ашты, эми федерация өлкөлөр алдында эл аралык мелдешке 10 абсолютту жаңы жүздөрдү даярдоого киришти. Бул канчалык амбициялуу?
— Жетиштүү деңгээлде. Реалити-шоунун финалында катышуучулар бири-бири менен күч сынашат, бирок бул алардын ышкыбоздор арасындагы Азия кубогунда толук кандуу башталышы болот. Бул олуттуу эл аралык мелдеш жана ага жарым жыл ичинде эч кандай спорттук тажрыйбасы жок даярдануу кыйын. Бирок биздин машыктыруучуларыбыз жана катышуучулардын кылдат аракети менен ага жетишүүгө болот.
— Сиз федерацияны негиздеген жана жетектеген адам катары кайсы долбоор же жетишкендик менен көбүрөөк сыймыктанасыз?
— Жалпысынан алганда, баары менен эле десем болот. Жакында биз жетишкендиктерди сандар менен эсептеп чыктык. Бул жылдар аралыгында 60тан ашык мелдеш өткөрдүк, алардын ичинде Азия чемпионаты жана 4 Азия Кубогу бар. Жалпы 3000ден ашуун уникалдуу катышуучуну тарттык. 10 жыл мурун өлкөдө триатлеттер дээрлик жок болчу, ал эми бүгүнкү күндө бизде 20дан ашык спорт чебери, 1 эмгек сиңирген спорт чебери, 5 эл аралык класстагы спорт чебери жана 1 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу бар. Биз эл аралык старттарда үзгүлтүксүз байгелүү орундарды алып келебиз, ал эми паратриатлеттерибиз өткөн жылы Париждеги Олимпиадада да күч сынашты!
Менимче, бул 10 жыл үчүн абдан олуттуу жыйынтык. Албетте, чоң инвестициялар да болду. Федерациянын өзүнүн базасын түзүүгө, долбоорлорго жана объектилерге дээрлик 150 миллион сом жумшалды. Өзгөчө сыймыктанчу нерсе — Борбор Азиядагы алгачкы инклюзивдүү триатлон борбору. Бүгүнкү күндө анда 1000ден ашуун чоңдор жана 400 бала машыгат. Бул — алар үчүн жеткиликтүү инфраструктура гана эмес, федерациянын өзүн-өзү каржылоого чыгышына чоң кадам. Мындан тышкары, триатлон борборун түзүү — мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ийгиликтүү мисалы.

— Федерация паратлеттерди качан жана кандайча даярдай баштады?
— Параспортту биз 2018-жылдан тарта олуттуу түрдө өнүктүрө баштадык. Алгач жөн гана спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк издеген адамдар келе башташкан. Машыктыруучуларыбыздын бири бул багытты колго алып, бир аз убакыттан кийин анын кол алдында машыккан паратлеттер эл аралык мелдештерде туруктуу жеңиштерге жете башташты. Андан соң биз атайын ылайыкташтырылган шарттарды түзүүгө инвестиция салдык. Биз үчүн ар бир кыргызстандыкка триатлон менен машыгып, дүйнөлүк деңгээлде жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү маанилүү. Ошол себептен биз көптөгөн таланттуу спортчуларды түздөн-түз колдойбуз. Бүгүнкү күндө федерациянын камкордугунда 17 бенефициар бар.
— Триатлетчи катары эмнелер менен сыймыктанасыз?
— Албетте, Enduroman Arch to Arc жолун басып өтүү менен. Бул дүйнөдөгү эң татаал жол. 13 чакырым чуркоо, 300 метр велосипед жана 58 чакырым сууда сүзүү. Азыркы күндө аны дүйнөдө 66 адам гана басып өткөн. Борбордук Азиядан мен гана бармын. Муну менен сыймыктанууга акым бар.
— Чындыгында, суктанарлык. Федерацияга кайтып келсек. Дагы кандай иштерди жасаса болот?
— Ооба, менимче биз буга чейин көп нерсеге жетиштик. Албетте, Кыргызстанда тратлетчилер көп болушун каалайт элем. Эми биз өз аброюбузду жана базабызды кургандан кийин, дал ушул нерсеге – бул спортту жайылтууга көңүл бурабыз.
— Ошентип, реалити-шоу пайда болдубу?
— Ал дагы бар. Бул жөн эле шоу эмес. Бизге процесстин өзүн көрсөтүү маанилүү: күмөн саноолорду, чарчоону, кадимки адамдардын кичинекей жеңиштерин. Анткени жолдун баарын майда-чүйдөсүнө чейин элестетсең, бир гана аягындагы сүрөттү эмес, триатлон тууралуу кыйла реалдуу түшүнүк калыптанат. Мындан тышкары, адам өзүнө окшош бирөөнү — кесиптешин же досун — стартка даярданып, өзүн жеңип, комфорт зонасынан чыгып жатканын көргөндө, анда “мен да жасай алам” деген ишеним пайда болот. Чындыгында да ушундай: ден соолук үчүн жоопкерчилик алып, спорт менен машыгуу — тандалгандар үчүн эмес, ар бир адам үчүн.
— Эми кандай пландар бар? Аймакта жана дүйнөдө мыкты болуу идеялары барбы?
— Бизде 2035-жылга чейин так план бар: Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 7ге чейин триатлон борборун түзүү жана 3000 бала жана өспүрүмдү спортко тартуу. Ошондой эле азыр ири мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору — Спорт сарайын иштеп чыгып жатабыз. Анын базасында жана шаардын учурдагы архитектурасынын алкагында бассейн, трек, залдар жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө ылайыктуу инфраструктурасы бар көп функционалдуу комплекс түзүүнү каалайбыз. Бул долбоор өлкөдөгү спорттун өнүгүшүн күчөтүп, Азия чемпионаты жана андан жогорку деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Албетте, аймакта лидер болууну да каалайбыз — спорт атаандаштык рухун чыңдайт эмеспи. Биз Олимпиада жеңишке жетүү үчүн да күрөшүүгө ниеттенип жатабыз.