Биз социалдык тармакта

"Ред Петролеум" компаниясынын башкы директору Акылбек Маматов кармалды

Кыргызстандагы май куюучу станциялар тармагына ээ "Ред Петролеум" компаниясынын башкы директору Акылбек Маматов кармалганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып айрым жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 13-апрелде Аскер прокуратурасы тарабынан атайын операция жүргүзүлүп, компания жетекчиси кармалган. Учурда кармоонун так себептери жана иштин жагдайлары расмий түрдө толук ачыктала элек.

Ошол эле учурда айрым маалыматтарда Акылбек Маматовдун үй-бүлөсү белгилүү саясатчы, мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышта экени айтылууда. Тактап айтканда, Маматовдун атасы менен Ташиев Кыргыз футбол союзунун башкармалыгында бирге иш алып барышат.

Азырынча укук коргоо органдары бул окуя боюнча расмий маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан