Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Moriox Kids тобунун балдарына жолугуу үчүн Африкага жөнөп кетти. Тийиштүү видеону ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
"Достор, биз Африкага аттандык. Чынын айтсам, ишенип-ишенбей ар кандай сезимдер коштоп жатат. Балдарыма аман-эсен барып келели. Ар дайымкыдай ак бата менен алкап коюңуздар",- деп билдирүү калтырган ал.
Буга чейин аталган африкалык бийчи балдар Гүлназ Чыныбек кызынын аткаруусундагы "Аттиң ай", "Ak Orgo City" командасынын "Дык-Кын-Дыш" жана кара жорго ырларына бийлеп видео тартышкан. Мындан тышкары, дагы бир топ кыргызча ырларга видео тартып келишет.
Белгилей кетсек, Moriox Kids - Руанданын баш калаасы Кигалиден чыккан бийчилер тобу. Топ ар кандай бийлерди аткарып, социалдык тармактарга видео жарыялап, дүйнө жүзү боюнча аудиториянын көңүлүн өзүнө буруп келет.