Биз социалдык тармакта

Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде бешинчи орунга чыкты

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде бешинчи орунга жайгашты. Спортчу жалпысынан 25 миң 400 упай топтоп, бул жыйынтык Дүйнөлүк күрөш уюму тарабынан жарыяланды. Рейтингде биринчи орунду япониялык балбан ээлесе, экинчи орунга Болгариянын өкүлү, үчүнчүгө АКШнын спортчусу, төртүнчүгө Кытайдын балбаны жайгашкан.

Ошол эле учурда Мээрим Жуманазарова жакында Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль утуп, чоң ийгиликке жетишти. Ал мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалда Кытайдын спортчусун уткан. Финалда ал япониялык дүйнө жана Азия чемпиону Мива Морикава менен күч сынашып, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмак категориясында эл аралык мелдештерде туруктуу жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, дүйнөлүк рейтингде алдыңкы бештикке кирүүсү анын спорттук деңгээлинин өсүп жатканын көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан