Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып, мындан кийин өлкө аймагында жолдор 5 чакырымдан кем жасалбай турганын айтты.
Өлкө башчынын айтымында, бир чакырым жолду жасоо 5-10 чакырым жолду жасоодон беш эсе кымбат турат.
"Биздин биринчи кезекте маани бергенибиз - жол, мектеп, бала бакча анан таза суу маселеси. Буга чейин депутат, министрлердин айылдарын 1 чакырым кылып эле жасап берип келишкен. Мен азыр бир чакырым жол салганга такыр тыюу салдым. Анткени андай кыска жолдор 5-10 чакырым жол салуудан беш эсе кымбат турат.
2030-2035-жылдарга чейин бардык айылдарга жетебиз. Мурда бир жылда 200 чакырым гана асфальт басылчу, былтыр биз 1500 чакырым жолго асфальт бастык. Келечекте ар бир айылдын ичин жасайбыз",- деди президент.