Биз социалдык тармакта

Бишкекте каракчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте курч буюм менен кол салып, мүлкүн тартып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу 14-апрелде Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Б.Ш. аттуу жаранга чала таанышы Э. аттуу жаран курч кесүүчү буюм менен жаракат келтирип, 50 миң сомдук техникасын жана 20 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1990-жылы туулган О.Э. аттуу жаран кармалган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан