Кыргызстанда калктуу конуштарга адам ысымын берүүгө мораторий киргизилет
Кечээ, 13-апрелде президент Садыр Жапаровдун эл менен болгон жолугушуусунда жергиликтүү тургундардын бири калктуу конушка Алай аймагынан чыккан тарыхый, мамлекеттик жана саясий ишмердин ысымын ыйгаруу сунушун киргизди.
Президент бул демилгеге жооп берип жатып калктуу конуштарга конкреттүү адамдардын ысымын ыйгарууга тыюу салуу маселеси мамлекеттик деңгээлде каралып жатканын белгиледи. Анын айтымында, кайсы тарыхый инсан татыктуу деген талаш-тартыштар чыгып, жарандар өз талапкерлерин колдоп, бөлүнүп кетүү коркунучу жаралат. Бул болсо коомдо ашыкча чыңалууга алып келиши ыктымал.
Бул арада президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов коомдук ынтымакты сактоо жана мүмкүн болуучу талаш-тартыштарды алдын алуу максатында калктуу конуштарга адамдардын ысымын бербөө боюнча бирдиктүү ыкманы кармануу зарыл экенин билдирди.