Порталыбыздын "Пайдалуу кеңеш" түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында адамдардагы акча блоктору, андан арылуу жолдору тууралуу психолог, гештальт-терапевт Бактыгүл Соорбекова айтып берет.
Айтымында, адамдын психикасында акчага болгон ар кандай чектөөлөр болушу мүмкүн. Ал адамдын турмушундагы түрдүү кырдаалдарда пайда болуп, логикада сакталып калышы ыктымал.
"Акчадан коркуп калышыбыз мүмкүн. Мисалы, бала кичинекей кезинде ата-энеси акча үчүн урушуп жатса, балада акча жаман экен, ал үчүн ата-эне урушат деген ишеним пайда болушу мүмкүн. Мындан улам акчадан коркуп калышы ыктымал. Бул сезимди акча менен байланыштырып калат. Акча таба турган жерде коркуп, кысылып, качып баштайт. Анткени анын денеси ошол реакцияны жаттап калган. Аны анализдеп, кичинекей кездеги сезимдерди, ойлорду азыркы учурдагы сезимдер менен ажырата билгенде, сизде акча блогу кеткен болот.
Ар бир адамда ар кандай окуялар, тажрыйбалар бар. Аларды ажырата билгенде эле адам өзүн акчага эркин алып жүрөт. Ийгиликке тез барат, акчадан качпай баштайт. Акчадан коркпой жана жаман деп ойлобоо зарыл",- деди адис.