Биз социалдык тармакта

Оштогу Курманжан датка көчөсү жашылдандырылды: 1000 көчөт отургузулду

Ош шаарында Курманжан датка көчөсүндө жашылдандыруу иштери өткөрүлүп, шаар башчысы Жанарбек Акаевдин катышуусунда жазгы көчөт отургузуу акциясы болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага тургундар активдүү катышып, жалпысынан 1000ге жакын көчөт тигилди. Алардын катарында липа жана рябина дарактары бар.

Демилгенин максаты — шаардын экологиясын жакшыртуу, абаны тазалоо жана шаардык аймакты көрктөндүрүү. Ош шаарында жашылдандыруу иштери мындан ары да уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан