Ырчы, бизнесвумен Анжелика Кайратова Улуттук алыш федерациясынын вице-президенти жана эл аралык федерациянын амбассадору болуп дайындалганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазган.
Анын айтымында, бул — чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик. Ал алдыда алыш күрөшүн өнүктүрүү, спортчу кыз-келиндерди колдоо жана бул спортту кеңири жайылтуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.
Ошондой эле ал келечекте жаңы максаттар жана ири жетишкендиктер күтүп турганын кошумчалады.