Биз социалдык тармакта

Президент Өзгөн районунун тургундары менен жолугуп, суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун тургундары менен түз диалог өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда газдаштыруу, таза ичүүчү суу, саламаттык сактоо жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү сыяктуу негизги маселелер талкууланды.

Ошондой эле социалдык колдоо, турак жай, билим берүү жана спорт объекттерин куруу, аймактарды көрктөндүрүү боюнча кайрылуулар айтылды. Мындан тышкары жер маселелери, укуктук талаштар, жарандардын укуктарын коргоо, ишкердикти жана айыл чарбасын өнүктүрүү темалары көтөрүлдү.

Жыйынтыгында президент мамлекеттик органдарга инфраструктураны өнүктүрүү, саламаттык сактоону чыңдоо жана жарандардын кайрылууларын карап чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан