Адылбек Касымалиев Вашингтондо SpaceX компаниясынын Starlink тармагындагы улук директору Райан Гуднайт менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстанда спутниктик интернетти ишке киргизүү боюнча иштердин жыйынтыгы жана пилоттук долбоор үчүн бардык уруксаттарды алуу процесси аяктаганы белгиленди.
Тараптар жакынкы убакта сервисти техникалык жактан ишке киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле долбоордун социалдык мааниси — алыскы аймактарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу, мектептерди жана медициналык мекемелерди санариптик ресурстарга кошуу — талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да улантууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.