Кечээ, 14-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушту.
Куршаб айылынын тургуну Бааркан Калыкова 62 миң элдин саламаттыгын караган ооруканага 2 "Тез жардам" унаасы керектигин билдирди.
"Куршаб айылында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имараты 70 жыл мурун курулган. Талапка жооп бербейт. Эч кандай шарты жок. 5 дарыгерлик үй-бүлөлүк тобу бар. Бир бөлмөдө экиден дарыгер бейтаптарды кабыл алат. Мындан тышкары, оорукананын 2 "Тез жардам" унаасы бар. Анын бири керектен чыгайын деп калды. Экинчиси COVID-19 учурунда эл тарабынан алынган, ал да эптеп иштеп калды. Бизге 2 тонна алтын эмес, 2 "Тез жардам" унаасын берсеңиздер жакшы болмок",- деди тургун.
Президент саламаттык сактоо министрлигине жаңы оорукана боюнча караштырып көрүүнү, ал эми "Тез жардам" унаасынан 2 даананы бөлүп берүүнү табыштады.